Нурила - Баары акча

  • Размер: 9.19 MB
  • Длительность: 4:00
  • Качество: 320 kbps
  • Дата релиза: 31.01.2024
Слушать
Скачать
Текст песни
Акчаң болсо темирди бурайсың да
Акчаң жокто арманга кулайсың да
Акча гана сүйлөгөн бул заманда
Асылдыктар жөнүндө сурайсың да

Төрөт үйдө көз ачкан кезиң АКЧА
Сүйүүң АКЧА мамиле сезим АКЧА
Каректерде көр дүйнө чагылышып
Карап турган жасалма көзүң АКЧА

АКЧА менен табышып эки жүрөк
АКЧА менен махабат кечи күйөт
Күбүп салып табигый бетибизди
Бүткүл жерде АКЧАнын БЕТИ жүрөт

Тагдырлар көп таш менен башка жеген
Тагдырлар көп чечилген акча менен
Көргө чейин көрүнбөй коштоп барып
Көмүп тынат өңдөнөт акча деген

Ушул акча баардыгын чечип жатат
Урмат-сыйдын баасы да кетип жатат
Билимсиздер бийиктеп акча менен
Бир туугандар бир-бирин кечип жатат

Көп дүйнө эмес көңүлгө карайлычы
Көр дүйнөдөн бийикти самайлычы
Аң-сезимден асылдык орун алып
Акчаны эмес адамды баалайлычы
Комментарии
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив