Камчыбек Садыров - Ата эне cover

  • Размер: 8.3 MB
  • Длительность: 3:37
  • Качество: 320 kbps
  • Дата релиза: 24.09.2023
Слушать
Скачать
Текст песни
Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа
Бактылуусуң караанымды көрүп гана
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем
Бал уйкуңду түн уйкуңду бөлүп мага

Билем ата бой жеткенче эркелегем
Билем ата үмүтүң чоң эми менден
Чоң ата бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген

Садагам деп мээримиңди төгүп мага
Кичинекей дале көрүп мени, апа
Көңүлүңүз ачык болуп дүйнөң түгөл
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана

Жетилди эрке балаң эркелеген
Өзүңөрдү жазбай тартам ата-энем
Чоң ата бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген
Чоң эне бол бактылуу кары болуп
Балаңыздын балдарын жетелеген
Комментарии
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив