Нурила - Мен сенсиз жашай албайм кавер

  • Размер: 10.69 MB
  • Длительность: 4:40
  • Качество: 320 kbps
  • Дата релиза: 14.06.2023
Слушать
Скачать
Текст песни
Көрсөм да көрмөксөнгө салгансыймын
Көңүлдүн көксөгөнүн тангансыймын
Мертинген тилегиме медер кылып
Мен сенсиз жашай албай калгансыймын

Сен десем сезим жаным күлгүнсүймүн
Сен менен бир өмүрдү сүргөнсүймүн
Кол шилтеп басып кетсем болор беле
Себебин өзүм гана билгенсиймин

Түйшүктүү бул турмушка толгонсуймун
Түгөтүп бүт жыргалым койногсуймун
Билиги жанган сайын үмүтүмдүн
Бир гана мен бактылуу болгонсуймун

Билсем да билмексенге салгансыймын
Бир келген таалайымды тангансыймын
Себебин сен билесиң айыбым жок
Сенсиз мен жашай албай калгансыймын
Комментарии
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив